Коом

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылды

Бүгүн Турдакун Усубалиев атындагы аянтта Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техниканын ачкычтарын тапшырды. Салтанат Мекен коргоочулардын күнүнө карата уюштурулганы Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы тарабынан маалымдалды.

Адылбек Касымалиев куткаруучуларды майрамы менен куттуктап, ведомствонун материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча бийликтин системалуу ишин белгиледи.

Акыркы беш жыл ичинде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жалпы суммасы 7 миллиард сомду түзгөн 652 даана автотранспорт алган. Дагы 116 техниканын келиши министрликтин техникалык паркын толук жаңылоону жыйынтыктап, эгемендүүлүк жылдарындагы эң ири модернизация этаптарынын бири болду.

Министрлер кабинетинин төрагасы мамлекет ведомствонун муктаждыктарын толук көлөмдө каржылап жатканын баса белгиледи. 2025-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бюджети 5,5 миллиард сомдон ашты. Кошумча бөлүнгөн каражаттар авариялык-калыбына келтирүү иштерине, инфраструктуралык долбоорлорго, чек ара аймактарын өнүктүрүүгө, метеостанцияларды жана көпүрөлөрдү курууга багытталды.

Сөзүнүн жүрүшүндө Адылбек Касымалиев өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана сел, жер көчкү, жер титирөө коркунучу бар аймактардагы калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө өзгөчө көңүл бурду.

Министрлер кабинетинин төрагасы кыргызстандык куткаруучулардын кесипкөйлүгүн жогору баалады. Алар өлкө ичинде жана чет өлкөлөрдө эң татаал милдеттерди аткарып келишет: терең сууга кирүү иштеринен тартып Ысык-Көл көлүн таштандылардан жана торлордон экологиялык тазалоого чейин, ошондой эле Ленин чокусундагы куткаруу операцияларына жана Турциядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүүгө чейин.

Тектеш кабарлар

Back to top button