Коом
Баткенде элди акча маселесинде алдап жүргөн жаран кармалды

Баткен районунун 42 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал өз арызында Баткен шаарынын 36 жаштагы Т.А. аттуу тургуну анын ишеничине алдоо жолу менен кирип, 5 592 000 (беш миллион беш жүз токсон эки миң) рубль материалдык зыян келтиргенин билдирген.
Бул факты Баткен РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.
Мындан башка дагы Баткен облусунун 24 тургуну Т.А.нын үстүнөн алдамчылык фактысы менен арызданышып, арыздары Баткен РИИБне катталып, тергөө иштеринин жүрүшүндө жабырлануучуларга келтирилген жалпы материалдык чыгымдын суммасы 216 000 000 (эки жүз он алты миллион) сомду түзгөн.
Баткен РИИБдин ыкчам кызматкерлери ыкчам-иликтөө иштеринин жүргүзүп, Баткен шаарынын 36 жаштагы Т.А. аттуу тургунун Ош шаарынан кармап келди. Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.
Бул жарандын ишеничине кирип, акча каражатына алданып жабыркаган жарандар болсо Баткен РИИБдин 102 номуруна же 0773240000, 0554884413 номерине кайрылсаңыздар болот.



