Текшерүүдөн соң «Мадина» базарында сегиз кафе жабылды

Бишкек шаарындагы «Мадина» базарында жүргүзүлгөн пландан тышкаркы текшерүүлөрдүн жыйынтыгында сегиз кафе жабылды. Бул тууралуу шаардык Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан билдиришти.
Адистердин маалыматына караганда, 7-Апрель көчөсүндө жайгашкан «Райхан», «Асанбувак», «Мадина», «Атуш-1», «Атуш-2», «Чабандес», «Бистро» жана «Урумчи» кафелеринде даяр тамактардан жана санитардык-микробиологиялык изилдөө жүргүзүү үчүн жуулма үлгүлөр алынган. Жалпысынан 80 жуулма жана 16 азык-түлүк үлгүсү текшерилген.
Текшерүүнүн алкагында санитардык талаптарды бузгандыгы үчүн 12 административдик протокол түзүлүп, 12 айып пул салуу жөнүндө токтом чыгарылган. Жалпы айып пулдун суммасы 142 миң сомду түздү.
Мындан тышкары, сегиз объекттин ишин токтотуу (жабуу) боюнча санитардык көрсөтмөлөр даярдалып, алар 2026-жылдын 8-июнунан тартып күчүнө кирди.



