Коом
Айыл чарба министрлигинин ишеним телефону ишке кирди

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 1210 кыска байланыш номери иштеп жатат. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, бирдиктүү колл-борбор аркылуу жарандар мамлекеттик колдоо программалары боюнча ыкчам маалымат, жеңилдетилген насыялар, субсидиялар жана айыл чарба техникаларын лизингге алуу боюнча кеңеш ала алышат.
Ошондой эле 1210 номери аркылуу ирригация, өсүмдүктөрдү коргоо, ветеринария, асыл тукум чарбачылыгы, продукцияны кайра иштетүү, сертификаттоо жана экспорт маселелери боюнча да маалымат берилет.
“Чалуулар Кыргызстандын бардык аймактарынан жеткиликтүү. Кайрылуулар иш күндөрү саат 09:00дөн 18:00гө чейин кабыл алынат”, — деп айтылат маалыматта.



