Коом

Өзгөндө логистикалык борбор ачылды

Өзгөн районунда күрүч таңгактоочу логистикалык борбор ачылды. Маалыматты Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, логистикалык борбордун курулушу 2025-жылдын августунда башталган. Курулуш иштерине жалпы 14 млн 790 миң 786 сом жумшалды.

Анын 10 млн 225 миң сому Ош облусун өнүктүрүү фондунан, 2 млн 565 миң сому Өзгөн районун өнүктүрүү фондунан жана 2 млн сому жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн. Ал эми АРИСтин CASA-1000 долбоорунун алкагында 6 млн 800 миң сомго заманбап жабдуулар алынган.

«Логистикалык борбор суткасына 5 тонна күрүчтү тазалап, вакуумдук таңгактоого жөндөмдүү. Эми райондогу дыйкандар өндүргөн күрүчтү даяр продукция катары рынокко чыгара алышат», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Back to top button