Бишкекте жеке үйлөрдүн короосуна унаа токтотууга уруксат берүү сунушталды

Президенттин борбор калаада жеке турак үйлөрдүн аймагында унаа токтотуучу жайларды уюштуруу боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүү тууралуу жарлыгынын долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документ Укуктук-ченемдик актылар порталында жарыяланды.
Долбоорго ылайык, пилоттук режим 2026-жылдын 1-мартынан 2027-жылдын 1-февралына чейин уланат. Шаардагы жеке турак үйлөрдүн ээлерине жеке турак жай куруу үчүн бөлүнгөн жер тилкелеринде унаа токтотуучу жайларды уюштурууга укук берүү пландалууда.
Түшүндүрмө катта Бишкек шаарында унаа токтотуучу жайлардын жетишсиздиги курч маселе болуп жатканы белгиленген. Борбор калаада 468 миң автоунаа катталган, ал эми күн сайын кирген транспорт каражаттарын эске алганда, жүк 700 миң унаага чейин жетет.
Бул жол боюнда жана газондордо башаламан токтотууга алып келип, тыгындарды жаратып, жол коопсуздугуна терс таасирин тийгизүүдө.
Бишкек мэриясына кызмат көрсөтүүнүн тартибин жана тарифтерин иштеп чыгуу тапшырылды. Эгер пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашса, шаар механизмди туруктуу негизде киргизүү үчүн ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү даярдоого тийиш.



