Бишкекте «Пион гүлүнүн дүйнөлүк конференциясы – 2026» иш-чарасы өттү

Бишкекте «Пион гүлүнүн дүйнөлүк конференциясы – 2026» иш-чарасы болуп өттү. Маалыматты суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрилигинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, бул иш-чара Кыргызстанда эле эмес, Борбор Азияда биринчи өткөрүлдү.
Пион — бул кооз гүлдүү көп жылдык өсүмдүк. Ал багбанчылыкта декоративдүү гүл катары кеңири өстүрүлөт. Пион гүлү чоң, жыпар жыттуу жана ар түрдүү түстө болот. Илимий аталышы — Paeonia.
Пион Кытай маданиятында байлыктын, ийгиликтин, бакубатчылыктын символу. Аны кээде «гүлдөрдүн падышасы» деп аташат. Пион гүлү Кытайда сүрөт искусствосунда, саймада, фарфорго чегилип, майрамдык жасалгаларда кеңири колдонулат.
Кытайда пион гүлдөрүн өстүрүү өзүнчө чоң индустрия. Гүлдүн көчөттөрү тигилип, анын эфир майынан косметикалык продукциялар өндүрүлөт. Пион тамыры, үрөнү салттуу кытай медицинасында колдонулат.
Пион гүлдөгөн мезгилде фестивалдар өткөрүлөт. Кытайдын белгилүү пион борбору болгон Luoyang шаарында жыл сайын Luoyang Peony Festival өтүп, дүйнө жүзүнөн миллиондогон туристтер келет.
Кытай дүйнөгө пион көчөттөрүн, гүлдөрүн жана майларды экспорттойт. Ошондуктан Кытайда пион маданий символ гана эмес, чоң агрардык тармак.
Бишкектеги пион иш-чарасын кытайлык Heze Peony Water Group Co., Ltd. компаниясы уюштурду.

Конференциянын негизги максаты – пион өстүрүү боюнча кызматташуу, аны өстүрүүнүн заманбап технологияларын колдонуу жана пион негизиндеги продукцияларды кайра иштетүүнү өнүктүрүү болуп саналат.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Э.А. Акунбеков, Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лю Цзянпин, кытай компаниясынын өкүлдөрү жана тармактык эксперттер катышты.
Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо департаменти менен кытайлык Heze Peony Water Group Co., Ltd. компаниясынын ортосунда кызматташуу жана стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө меморандумга кол коюлду.



