Коом

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолуна кар көчкү түштү

Бүгүн саат 10:56 чамасында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 198-чакырымына кар көчкү түштү. Бул тууралуу «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Учурда жолдо бир тараптуу каттам бар, жол кыймылы көзөмөлгө алынган.

Жеринде №24 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери атайын техникалар менен карды тазалоо жана жолду толук ачуу иштерин жүргүзүп жатат.

Кошумча маалымат берилет.

Тектеш кабарлар

Back to top button