Коом
Ошто үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө мэрдин атынан колдоо көрсөтүлдү

Ошто үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө мэр Жанарбек Акаев каржылык колдоо көрсөткөнүн мэрия билдирди.
Ош шаарынын вице-мэри Масуда Айдарбекова жакында эле үч эм төрөгөн Керме-Тоо муниципалдык аймагындагы Анар кичи районунун тургуну Мавлюда Бердигуловага барды.
Ал калаа башчысы Жанарбек Акаевдин атынан куттуктоо айтып, үй-бүлөгө 50 миң сом жана наристелерге керектүү белектерди тапшырды.
Эскерте кетсек, наристелер 2026-жылдын 20-февралында Ош облустук төрөт стационарында жарык дүйнөгө келген. Учурда эненин жана үч эмдин абалы жакшы. Мөөнөтүнөн мурда төрөлгөн ымыркайлар дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, тийиштүү камкордукка алынган.



