Коом

Орозалиев: Электр энергиясынын өздүк наркынын 45 пайызын гана калк төлөйт

Кыргызстанда 1-майдан тарта тарифтер өзгөргөнүнө карабастан, калк электр энергиясынын реалдуу өздүк наркынын болгону 45 пайызын гана төлөйт. Бул тууралуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу департаментинин директору Тимур Орозалиев «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, 2026-жылы электр энергиясынын бир киловатт-саатынын өздүк наркы 3 сом 3 тыйынды түзөт.

«1-майдан тарта тариф 1 сом 64 тыйын болот. Демек, жаңы баа азыркы учурдагы электр энергиясынын реалдуу өздүк наркынын болгону 45 пайызына гана барабар», — деп түшүндүрдү Орозалиев.

Ал эми «Улуттук электр тармактары» ААКнын башкы директорунун орун басары Уларбек Дүйшо уулу Кыргызстанда электр энергиясынын тарифтери Борбор Азиядагы эң төмөн бойдон калып жатканын белгиледи.

Салыштыруу үчүн ал коңшу өлкөлөрдөгү бааларды мисал келтирди: Казакстанда электр энергиясынын баасы 1 киловатт-саат үчүн 4,31 сомдон 5,54 сомго чейин, Өзбекстанда 4,30 сомдон 7,30 сомго чейин, ал эми Тажикстанда 3,16 сомдон 3,60 сомго чейин жетет.

Эске салсак, 1-майдан тарта күчүнө кире турган жаңы тарифтер керектөөчүлөрдүн сегиз негизги категориясы боюнча бөлүштүрүлгөн. Алардын катарына калк, өнөр жай ишканалары жана бюджеттик мекемелер кирет.

Министрлер кабинети 2030-жылга чейин өлкөнүн энергетикалык системасын өзүн-өзү каржылай турган деңгээлге чыгарууну пландап жатат. Бул максатта «жашыл» каржылоону тартуу жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү каралууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button