Коом

Ак-Буура дарыясын тазалоо боюнча масштабдуу иштер башталды

Ош шаарында жаздын келиши менен Ак-Буура дарыясынын нугун тазалоо боюнча масштабдуу иштер башталды. Бул тууралуу шаар мэри Жанарбек Акаев билдирди.

Мэр бул чара сел кырсыктарын алдын алуу үчүн өтө маанилүү экенин белгиледи.

«Ак-Буура дарыясынын нугу акыркы 30-40 жылдан бери тазаланбай, бул өз кезегинде сел ташкындарына себеп болуп келген. Эми президент өзү каржы булагын таап берип, дарыянын башынан аягына чейин тазалоо иштери жүрүүдө. Мындан тышкары, шаар ичиндеги 7 каналдын 100 чакырымдан ашык жээгинин кооптуу тилкелерине тосмолор орнотулат. Ошондой эле көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштери дагы жүргүзүлүп, тротуарлар курулат. Муну менен жашоочуларга жакшы шарттар түзүлөт», — деди мэр.

Белгиленгендей, иштердин жүрүшү жергиликтүү бийликтин көзөмөлүндө.

Тектеш кабарлар

Back to top button