Коом

Кыргызстан Кытайга жүгөрү экспорттой баштады

Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

25 тонналык алгачкы партия 16-март күнү жөнөтүлгөн.

«Бүгүнкү күндө Кытайга жүгөрү экспорттоо укугуна эки ата мекендик ишкана ээ. Бул көрсөткүч өлкөнүн экспорттук потенциалы жогорулап жатканын жана фитосанитардык эрежелер так сакталып жатканын далилдейт», — деп айтылат маалыматта.

Министрлик мындан ары да өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүлүп, кыргыз айыл чарба продукциясынын дүйнөлүк рыноктордогу үлүшүн кеңейтүү багытында иштер улана турганын белгиледи.

Тектеш кабарлар

Back to top button