Коом

1-апрелден тарта медицина кызматкерлери канча айлык ала турганы айтылды

Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов медицина кадрларынын жетишсиздигин чечүү үчүн кандай чаралар көрүлүп жатканын айтып берди.

Ал 1-апрелден тарта бардык медиктердин айлыгы эки эсе көбөйө турганын эске салган. Маяна төмөнкүдөй болуп жогорулайт:

медициналык окуу жайды жаңы бүтүрүп, ишке орношкон жаш дарыгерлердин айлыгы 13 581 сомдон 35 248 сомго чейин өсөт;

тажрыйбалуу дарыгерлердин айлыгы стажына жараша жогорулайт жана кошумча төлөмдөр сакталып калат;

алыскы жана бийик тоолуу аймактарда иштеген дарыгерлер үчүн айлык акы орточо 30 пайызга көбөйтүлөт;

«Дарыгердин депозити» программасынын алкагында дарыгерлерге кварталына 66 миң сомдон төлөнүп берилет;

суроо-талап жогору болгон адистиктер боюнча иштеген жаш дарыгерлерге ай сайын кошумча 20 миң сом каралган;

өлкөдө иштеген 28 миң медайымдын айлыгы да жогорулатылып, 8 541 сомдон 29 053 сомго чейин көбөйөт;

МИК боюнча медицина кызматкерлерине артыкчылык берилет.

Учурда өлкө боюнча медициналык мекемелерде 1 596 дарыгер жетишпейт. Буга байланыштуу тиешелүү адистер жумушка чакырылат.

Тектеш кабарлар

Back to top button