«АЮ» холдингтин негиздөөчүсү Эльдар Жакыпбековго каршы айыптоолор менен чыкты

«АЮ» холдингтин негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов Бишкек шаары боюнча УКМКнын мурдагы башкармалыгынын башчысы Эльдар Жакыпбековго каршы айыптоолор менен чыкты. Анын кайрылуусун Жазгүл Урманбетова Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.
Кыргызстандан чыгып кеткен жана сырттан камакка алынган ишкердин айтымында, Эльдар Жакыпбеков ага жана анын бизнесине каршы мурдагы УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин көрсөтмөсү менен аракет кылган.
Ал ошондой эле акыркы жылдары беш жолу операция болуп, инсульт алып, жүрөгү менен көйгөйлөрү бар экенин билдирди.
Анын сөзүнө караганда, Кыргызстандагы революциядан кийин анын жашоосу түп-тамырынан өзгөрүп, кыска убакыттын ичинде бизнесинен, ден соолугунан, үй-бүлөсүнөн ажырап, Лондондо жалгыз калган.
«Адам өмүр менен өлүмдүн ортосунда жатканда, баарына башкача карай баштайт», — деп жазган Абдыкеримов.
Ал 30 жыл бою бизнес куруп, миңдеген адамдарды жумуш менен камсыз кылганын, бирок үч жылга жетпеген убакытта баары кыйрап кеткенин айткан.
«Өкмөт жетекчилеринин бири кызматынан алынды жана Элдар Жакыпбеков камакка алынды. Ал Камчыбек Ташиевдин жетекчилиги астында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери менен биргеликте менин компанияма, бизнесиме жана мага каршы түздөн-түз террордук чабуул жасаган адам.
Бирок азыр мен алар жөнүндө ойлонбойм.
Мен азыр өз жашоом жөнүндө гана ойлонуп жатам.
Акыркы жылдары ойлонууга көп убактым болду.
Беш жолку операция.
Инсульт.
Жүрөк оорусу.
Өмүр менен өлүмдүн ортосунда жатканда, баарын башкача көрө баштайт экенсиң»,- деген.
Ишкер ошондой эле жакын чөйрөсүн чыккынчылыкка айыптаган. Анын айтымында, ал операциядан кийин өмүрү үчүн күрөшүп жатканда, айрымдар анын мүлкүн жана баалуулуктарын бөлүштүрүп, өзүнө ыйгарып алышкан.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын сентябрь айында УКМК «АЮ» холдинг компаниясынын негиздөөчүсү, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаршенбек Абдыкеримовго «уюшкан кылмыштуу топторду каржылаган» деген негизде кылмыш ишин козгогон. Шаршенбек Абдыкеримов 2020-жылдын октябрь окуясынан кийин Кыргызстандан качып чыгып, андан бери эл аралык издөөдө жүргөн.



