Коом

Евробиримдик май айында Кыргызстанды авиациялык чектөөлөрдөн чыгаруусу күтүлүүдө

Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев Евробиримдиктин авиациялык коопсуздук комитетинин төрагасы Питер Соренсен менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун негизги темасы — кыргызстандык авиакомпанияларды Евробиримдиктин кара тизмесинен чыгаруу мүмкүнчүлүгү болду.

Жолугушууга ошондой эле Реми Дюфло — Евробиримдиктин Кыргызстандагы элчиси катышты. Өкмөт башчысы европалык тараптын сапары өлкө үчүн принципиалдуу мааниге ээ экенин белгиледи.

Анын айтымында, акыркы жылдары авиация тармагында ири реформалар жүргүзүлдү. Анын ичинде Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги түзүлүп, ИКАО стандарттары киргизилген. Эл аралык аудиттин жыйынтыгында алардын аткарылыш деңгээли 85,76%га жеткен.

Касымалиев ошондой эле жүргүнчүлөр агымы 2021-жылдагы 3,9 миллиондон 2025-жылы 6 миллиондон ашканын, каттамдардын саны 52 миңге жеткенин жана өлкөдөгү 11 аэропорттун баары жаңыланганын билдирди. Мындан тышкары, Кыргызстан Airbus A321 үлгүсүндөгү эки учак сатып алып, авиапаркты кеңейтүүнү пландап жатат.

Өз кезегинде Питер Соренсен авиация тармагындагы олуттуу прогрессти белгилеп, аткарылган иштерге канааттануусун билдирди.

Кыргызстанды Евробиримдиктин авиациялык коопсуздук тизмесинен чыгаруу боюнча акыркы чечим 2026-жылдын май айында кабыл алынары күтүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button