Коом

Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн короолоруна күркө жана чатырларды коюуга тыюу салынды

Бишкекте эми көп кабат тамдардын короосуна жеңил курулуштарды салууга чектөө коюлду. Тиешелүү буйрукка министр Нурдан Орунтаев кол койду.

Курулуш, архитектура жана турак жай чарба министрлигинин буйругу менен эми ал жерлерге соода күркөсүн, павильон, бастырма, металл тенттерди, гараж орнотууга болбойт.

Бул чара шаардыктардын мындай объектилерди мыйзамсыз салуусуна карата кайрылуусунан улам болгондугун билдиришти.

Талаптын аткарылышын көзөмөлдөө жана мыйзам бузуучуларга чара көрүү Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгына жүктөлгөн.

Тектеш кабарлар

Back to top button