Коом

Сокулукта ойногону кетип, дайынсыз жоголгон бала табылды

Милиция Сокулукта дайынсыз болуп жаткан 9 жаштагы Нурислам Шайдуллаевди тапты. Бул тууралу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин 26-мартта 2017-жылы туулган Нурислам Шайдуллаев Сокулук районунун Шопоков шаарындагы үйүнөн саат 16:00дөр чамасында велосипед тээп ойногону кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан.

Бул окуя Сокулук РИИБге катталып, издөө иштери жүрүп жаткан.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button