Коом

Улуу устат Улукмырза Полотов каза болду

Улуу талант жана улуу устат Улукмырза Полотов дүйнө салды. Бул тууралуу анын шакирттери билдирди.

Улукмырза Полотов 1943-жылы 3-октябрда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Улук айылында туулган.

Фрунзедеги Искусство институтун аяктаган соң Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин солисти катары таанылган.1994–жылдан баштап Б.Бейшеналиева атындагы КМИИде, К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында окутуучу болуп эмгектенген.

Жогорку музыкалык окуу жайлары үчүн элдик ырдоо программасын жана методикасын иштеп чыккан. Элдик устат-шакирт салттарына жана дүйнөлүк академиялык стандартка таянган методикага негизделген автордук мектепти түзгөн.

Тектеш кабарлар

Back to top button