Маданият

Ошто «Бий искусствосу – 2026» эл аралык фестивалы өтүүдө

Ош шаарында «Бий искусствосу – 2026» IV эл аралык фестивалы өтүүдө. Бул тууралуу Мэриядан билдиришти.

Фестивалга Казакстан, Өзбекстан, Россия, Түркия, Кытай, Румыниядан келген жана жергиликтүү бий жамааттарынын өкүлдөрү, маданият ишмерлери, хореографтар жана искусство чеберлери катышууда.

Фестивалга катышкан мэрдин орун басары Масуда Айдарбекова катышуучуларга ийгиликтерди каалады.

«Бий искусствосу – 2026» фестивалы ар кайсы өлкөлөрдүн бий өнөрүн бир аянтчага бириктирип, чыгармачылык байланыштарды кеңейтүүгө, тажрыйба алмашууга жана улуттук маданий мурастарды жайылтууга багытталган. Анын алкагында катышуучулар концерттик программаларды тартуулашат.

Тектеш кабарлар

Back to top button