Коом
Кубанычбек Жекшенбеков «Ала-Арча» паркынын директору болуп дайындалды

Кубанычбек Жекшенбеков «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркынын директору болуп дайындалды.
Мындай чечимди президенттин мүлкүн башкаруу башкармалыгы кабыл алды. Ал буга чейин парктын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.
Ала-Арча 1976-жылы жазында Ала-Арча дарыясын, капчыгайдын жаратылыш чөйрөсүн коргоо, экотуризмди өнүктүрүү максатында түзүлгөн.
Учурда паркта электр менен жүрүүчү унааларга гана уруксат берилген; алар атайын кирүү акысын төлөшөт жана альп лагерине чейинки жолду пайдалана алышат.



