Коом
Депутат Бишкек — Кара-Балта жолунда кырсыктар көп катталып жатканын белгиледи

Карим Ханджеза 1-апрелде Жогорку Кенеш жыйынында Бишкек — Кара-Балта трассасында акыркы учурда өлүм менен коштолгон жол кырсыктары көп катталып жатканын билдирди.
Анын айтымында, жергиликтүү тургундар мектептер менен бала бакчалардын жанында ылдамдыкты көзөмөлдөө үчүн «Коопсуз шаар» камераларын орнотууну суранышууда.
Ошондой эле Сокулук айылынын аягында, чиркөөнүн жанында, окуучулар үчүн жер алдындагы же жер үстүндөгү өтмөк куруу өтүнүчү айтылган. Буга жакында тараган видеодо балдар жолду түтүктөр аркылуу кесип өтүп жаткандыгы себеп болгон, бул алардын коопсуздугуна чоң коркунуч жаратат.



