Коом

Өлкөдө коопсуздукту күчөтүү максатында сырткы видеобайкоо камераларынын санын көбөйтүлөт

ИИМде Президенти Садыр Жапаровдун өлкөдө коопсуздукту күчөтүү максатында сырткы видеобайкоо камераларынын санын көбөйтүү боюнча берген тапшырмасын аткарууга арналган онлайн жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлады.

Жыйынга ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Суюнбек Ниязбеков, ички иштер органдарынын жетекчилери, ошондой эле, министрликтердин, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу өкүлчүлүктөрдүн, мэриялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, телекоммуникациялык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында республика боюнча миңдеген сырткы видеобайкоо камераларын орнотуу мерчемделгени баса белгиленди. Орнотулуп жаткан видеокамералар өлкөнүн бардык аймактарын камтып, ал укук бузууларды жана кылмыштуулукту алдын алууга, ыкчам аныктоого, жол кыймылын көзөмөлдөөгө, коомдук тартипти сактоого мүмкүндүк берет.

Ошондой эле, Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын коопсуз өткөрүү максатында видеобайкоо камералары өтө турган аймактарда да орнотула тургандыгы айтылды. Бул көрүлүп жаткан чаралар мамлекеттик маанилүү иш-чараларды өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти толук камсыз кылууга, жарандардын жана коноктордун коопсуздугун жогорку деңгээлде уюштурууга багытталганы эскертилди.

Жыйындын жүрүшүндө министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов катышуучуларга коюлган тапшырмаларды өз убагында жана сапаттуу аткаруунун маанилүүлүгүн белгилеп, бул иш-чаралар криминогендик абалды жакшыртууга жана жарандардын коопсуздугун жогорулатууга багытталганын билдирди.

Тектеш кабарлар

Back to top button