Коом
Бишкекте коомдук транспортко 500-600дөй айдоочу жетишпейт

Бул тууралуу «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы кабарлады.
Маалыматка караганда, учурда линияга 2600 айдоочу чыгууда. Ишкана быйыл тарифтик чендер көтөрүлгөнүн белгиледи.
«2023-жылга чейин айдоочулардын тарифтик чени 51 сом болчу, андан кийин 102ге чейин көтөрүлдү. Ушул апрелден тарта дагы көбөйүп, айлык өсөт», — дешти ведомстводон.
Тарифтик чен — бул, мисалы, бир сааттык иш үчүн белгиленген туруктуу акы, анын негизинде айлык эсептелет.



