Коом

Юстиция министрлиги 50 компаниянын ишин токтотту

Юстиция министрлиги 50 компаниянын ишин токтотту, бул санкциялык тобокелдиктери жогору болгон ак ниетсиз операцияларды аныктоо боюнча жаңы механизмдин алкагындагы биринчи аракет, — деп айтылат маалыматта.

КР Юстиция министрлиги тарабынан биринчи жолу санкциялык тобокелдиктери жогору болгон операцияларга аралашкан 50 юридикалык жактын ишин бир убакта токтотуу жөнүндө буйрук чыгарылды.

Бул чара «Тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн ак ниетсиз катышуучуларын жана санкциялык тобокелдиктери жогору болгон операцияларды аныктоо боюнча ​мекемелер аралык өз ара аракеттенүү жөнүндө» жаңы ​Мекемелер аралык буйрукту ишке ашыруунун алкагында кабыл алынды.

Компаниялардын тизмеси КР Экономика жана коммерция министрлиги жана санкциялык режимдин алкагында чектөөлөрдөн качуу фактылары боюнча маалыматты караган башка мамлекеттик органдар тарабынан берилген.

Улуттук экономиканы коргоо жана Кыргыз Республикасы үчүн батыш өнөктөштөрдүн мүмкүн болгон экинчи санкциялык чараларынын терс кесепеттерине жол бербөө максатында, КР Министрлер ​Кабинетинин тиешелүү чечиминин алкагында юридикалык жактардын ишин тиешелүү сунуштун негизинде токтотуунун жөнөкөйлөтүлгөн механизмин колдонууга мүмкүндүк берүүчү «Тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн ак ниетсиз катышуучуларын жана санкциялык тобокелдиктери жогору болгон операцияларды аныктоо боюнча ​мекемелер аралык өз ара аракеттенүү жөнүндө» ​Мекемелер аралык буйругун кошо алганда, бир катар контролдоо механизмдери кабыл алынды.

Тектеш кабарлар

Back to top button