ИИМ: Октябрь Урмамбетов Нарын жана Жалал-Абад облустарында болгон иш сапарында айрым ички иштер бөлүмдөрүнүн ишин текшерди

ИИМ: Октябрь Урмамбетов Нарын жана Жалал-Абад облустарында болгон иш сапарында айрым ички иштер бөлүмдөрүнүн ишин текшерди 2021-жылдын 29-сентябрь күнү ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Нарын облусунун Кочкор, Жумгал жана Ак-Талаа, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондорунда болгон иш сапарында милициянын аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин кызмат өтөө шарттарын, коомдук тартипти камсыздоо, кылмыштуулук менен күрөшүү жана укук бузууларды алдын алуу боюнча уюштуруучулук иштердин жүрүшүн текшерди. Аймактарга болгон иш сапары Кочкор районунун ички иштер бөлүмүнө баруудан башталды. Анда Октябрь Урмамбетов милиция кызматкерлеринин кызмат кылуу шарттары, нөөмөт бөлүмүнүн иши жана өткөн жылдын ноябрь айында пайдаланууга берилген РИИБдин жаңы имараты менен таанышты. Райондук бөлүмдүн эки кабаттуу жаңы имараты бардык заманбап талаптарга ылайык курулуп, толук кандуу иштөөгө бардык шарттар түзүлгөн.Министрдин орун басары өздүк курам менен жолугушууларды өткөрүп, анда коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, мыйзамдуулукту, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин сактоо маселелерин талкуулашты.Андан соң кызматтардын жана аймактык бөлүмдөрдүн начальниктеринин катышуусунда жыйын өткөрдү. Жолугушууда жарандардын коопсуздугун камсыздоого, ошондой эле мыйзамсыз иштердин алдын алууга багытталган негизги тапшырмалардын тизмеси айтылды.ИИМдин орун басары катышуучулардын көңүлүн кылмыштуулуктун алдын алууга буруп, коомдук коопсуздук, кылмыштуулук менен күрөшүү, жол коопсуздугун камсыздоо жана башкалар дайыма көзөмөлдө болушуна токтолду. Министрдин орун басары коомчулуктун муктаждыктарын эске алуу менен Президент ички иштер органдарынын алдына бир катар милдеттерди койгонун белгиледи:- профилактикалык чараларды күчөтүү, калкка заманбап кызматтарды көрсөтүү менен милицияга болгон ишенимди арттыруу;- жарандардын өтүнүчтөрүнө мүмкүн болушунча ыкчам жооп берүүгө аракеттенүү, аларды комплекстүү чечүүгө көмөктөшүү;- эл аралык террористтик жана экстремисттик уюмдардын потенциалдуу коркунучтарына каршы аракеттенүүгө багытталган чараларды күчөтүү;- коомчулукка ички иштер органдарынын жаңы имиджин көрсөтүү, жогорку моралдык сапаттарга ээ кесипкөй кадрларды даярдоо. Андан ары, Октябрь Урмамбетов Нарын облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Жумгал РИИБге барып¸ кызматкерлердин кызмат өтөгөн жерлерин, аймактык бөлүмдөрдүн кызматтык ишмердүүлүгүнүн уюштуруучулук иштерин текшерди. РИИБдин имаратында 2021-жылдын февралынан баштап иштей баштаган “Бирдиктүү терезе” кошумча тейлөө борборунун ишине кызыгып, ал жакты кыдырып чыкты. Министрдин орун басары өздүк курамдын катышуусу менен болгон жолугушууда аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилерине мыйзамдуулукту, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин сактоо, коомдук тартипти камсыздоо боюнча бардык чараларды көрүүнү тапшырды. Мамлекеттик маанидеги окуяларга даярдык иштерин өз убагында аткаруу, тактап айтканда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдануу жана өткөрүү боюнча даярдыкты текшерди. Шайлоо мыйзамдарын, ченемдик-укуктук актыларды окуп чыгуу жана мыйзам бузууларга ыкчам чара көрүү боюнча өздүк курам менен кошумча сабактарды жана тескемелердин өтүүнүн зарылдыгын белгиледи.Андан соң, Октябрь Урмамбетов Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда болуп, мамлекеттик администрация башчысы Мирлан Карагулов, алтын казуучу ишкананын өкүлдөрү менен жолугушту. Күн тартибинде укук бузууларды алдын алуу маселеси каралды.Тогуз-Торо РИИБнин имаратында өздүк курам менен болгон жолугушууда министрдин орун басары милиция кызматкерлери тарабынан көтөрүлгөн көйгөйлөр боюнча зарыл болгон маселелерди талкуулады. Суроолордун көбү материалдык-техникалык жактан камсыздоого байланыштуу болду. Кызматкерлер менен баарлашуу учурунда министрдин орун басары негизги милдеттердин бири калкка заманбап кызматтарды көрсөтүү менен жарандардын кайрылууларын өз убагында кароону камсыздоо экендигин белгиледи. Райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн башчыларына алыскы аймактарда, мамлекеттик администрациялык мекеме жана уюмдардан алыс жашаган жарандарды кабыл алуу үчүн түзүлгөн милициянын көчмө кабылдамаларынын практикасын жана иштөө ыкмаларын жакшыртуу тапшырылды. Милициянын көчмө кабылдамалары кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алууда, коомчулук менен өз ара байланышты түзүүдө өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтүп жатат. Ошону менен бирге, ИИМдин жетекчилиги аймактык ички иштер бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана толуктоо жагынан дайыма колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин айтты. Октябрь Урмамбетов кайра Нарын облусуна келип, Ак-Талаа районунун ИИБдин аянтында өздүк курамды саптык кароодон өткөрдү. Министрдин орун басары кызматкерлердин сырткы келбетин жана формасын, кызматтык документтерин текшерди.Жетекчилерге жана өздүк курамга кайрылып, алдыдагы шайлоого даярдануу жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти жана коопсуздукту жогорулатууга багытталган бардык чараларды көрүү зарыл экендигин белгилеп, мамлекеттик маанидеги окуялардын маанисин тереңден түшүнүү керектигин билдирди. Ошондой эле кызматтык тартипти катуу сактоону, кызматтык милдеттерди так аткарууну талап кылды.Аймактык башкармалыктардын башчыларынын катышуусунда өткөн жыйында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштуулук менен күрөшүү, укук бузууларды алдын алуу маселелери талкууланды. Иш сапардын жүрүшүндө ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын башка аймактык бөлүмдөрүн дагы кыдырат.ИИМдин Басма сөз кызматы



