Коом

5-классты бүтүп жаткан окуучулар сентябрда 7-класска отурат

12 жылдык окууга өтүүнүн алкагында 5-класстын окуучулары интеграцияланган «5+6» программасын аяктап, түз эле 7-класска өтүшөт. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Ошондой эле азыркы 6-класстын окуучулары дагы 7-класска өтөт. Мындан улам кийинки окуу жылында 7-класстардын саны көбөйөт.

Азыркы 4-классты бүткөндөр 5-класстан баштап 12 жылдыктын программасы менен окушат.

1 жана 2-класстын окуучулары жаңы 12 жылдык система менен окуусун улантат. Ал эми 8-10-класстын окуучулары мурдагы 11 жылдык программа боюнча билим ала беришет.

Тектеш кабарлар

Back to top button