Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы инвестициялык кызматташуунун келечеги талкууланды

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Пакистан Ислам Республикасынын Лахор шаарындагы Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулу менен жолугушту.
Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Пакистандын ортосундагы инвестициялык жана соода-экономикалык кызматташуунун келечектүү багыттары талкууланды. Пакистан тарап Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, артыкчылыктуу тармактары жана инвесторлор үчүн каралган мамлекеттик колдоо чаралары менен таанышты.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Пакистан менен кызматташууну кеңейтүүнүн жана жаңы инвестициялык өнөктөштөрдү тартуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Кыргыз Республикасы чет өлкөлүк өнөктөштөр менен өз ара пайдалуу кызматташууну өнүктүрүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө кызыкдар. Биз инвесторлорго келечектүү багыттарды сунуштоого, тиешелүү коштоону камсыз кылууга жана эки өлкөнүн бизнес коомчулуктарынын ортосунда түз диалогду түзүүгө даярбыз», — деп белгиледи Равшанбек Сабиров.

Жолугушууда туризм, халал индустриясы, этти кайра иштетүү жана эт өндүрүү, санариптик банктык кызматтар, ошондой эле башка келечектүү багыттар боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Тараптар биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу үчүн ишкердик байланыштарды мындан ары чыңдоонун, маалымат алмашуунун жана конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү улантуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосунда инвестициялык кызматташууну кеңейтүүгө жана жаңы долбоорлорду өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.



