Окуялар

«75 тин каты»: Прокурорлор айыпталуучуларды 9 жылга эркинен ажыратууну суранышты

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү боюнча козголгон кылмыш ишин кароо уланууда. Кезектеги сот отуруму 29-июнда судья Азирет Медеровдун төрагалыгы алдында жабык режимде өттү.

Соттук териштирүүдө тараптар жарыш сөзгө өтүштү. Анын жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочулар иш боюнча бардык айыпталуучуларды күнөөлүү деп таап, аларды 9 жылга эркинен ажыратууну соттон суранышты.

Эске салсак, Камчыбек Ташиев 2026-жылдын 10-февралында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана УКМКнын төрагасы кызматынан бошотулган. Кийинчерээк ага карата коомчулукта «75тин каты» деп аталган кылмыш иши козголгон.

Тергөө мурдагы атайын кызматтын жетекчисин бийликти күч менен басып алууга даярданган жана кызматтык ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыптоодо.Ташиев менен бирге мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, ошондой эле Бекболот Талгарбеков, Курсан Асанов, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Эмиль Узакбаев да айыпталуучулар катары сот алдында жооп берүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button