Нурбек Осмонов: Өндүрүүчү үчүн сөз эмес иш маанилүү

Жакында, Ошто алгачкы машина куруучу “Кыргыз Унаа Курулуш”заводу ишке кирди. Завод келечекте 5 миңдей адамды иш менен камсыздап, электробустарды чыгарат. Биздин өлкө үчүн, бул завод — заманбап техникалар жана шаймандар менен жабдылган уникалдуу өндүрүш линиясы болуп саналат. Бул ишкананы түзүүгө негизги салымды Кыргызстандык ишкер Нурбек Осмонов кошкон. Ал заводду өнүктүрүүгө 20 миллион доллардан ашык каражат жумшаган.
“Кыргыз Унаа Курулушунун” ачылыш аземине Ош облусунда иш сапары менен жүргөн Президент Сооронбай Жээнбеков өзү катышты. Ал өндүрүш цехтеринде болуп, эмгек жамаат менен жолугушуп, баарлашты. Ушул тапта машина куруучу заводдун биринчи фазасы ишке киргизилип, ири ишкана жеңил жана оор өнөр жай, айыл чарба тармагы үчүн комплектөөчү шаймандар менен техникалар өндүрүлүп жатат, трансформаторлор менен акылдуу эсептегичтер иштелип чыгып, текшерүүдөн өтүүдө.

Президент Сооронбай Жээнбеков ишкананын ишмердүүлүк масштабына купулу толгонун билдирип, өлкөдө мындай завод биринчи жолу курулуп жатканын айтып, бул завод борбордо гана эмес аймакта да алдыңкы позицияда болорун баса белгиледи. Ал кызматкерлерди корпоративдик биримдикке чакырып, ишкананын ийгилиги көбүнчө ар бир кызматкердин жана бүтүндөй эмгек жамаатынын аракетинен көз каранды экендигин да баса белгиледи. Ишкананын негиздөөчүсү Нурбек Осмонов Кыргызстандын экономикасына инвестиция салуу бизнесмен үчүн принципиалдуу мааниге ээ болушу керектигин айтты.

«Өнөр жайды калыбына келтирүү — мамлекеттин өнүгүшүнүн жана бекемделишинин негизги шартты түзүү болуп эсептелинет. Келечекте биздин компания электр автобустарынын өндүрүшүн баштайт, прототибин иштеп чыгуу дээрлик аяктап калды. Жакынкы күндөрү ири шаарларда мындай экологиялык таза транспорт талап гана кылынбастан баа жеткис, алмаштырылгыс болот. Биз электр кубаты менен иштелип чыккан, өзүбүздүн өндүрүштөгү биринчи автобусту чыгарууга жакындап калдык. Өндүрүүчү үчүн сөз эмес иш маанилүү. Мерчемделген ишти жүзөгө ашыруу үчүн биздин команда талыкпай иштеши керек”-деди Нурбек Осмонов.
«Кыргыз Унаа Курулуш» заводунда учурда 500 кызматкер эмгектенип жатат. Компания толук кандуу ишке киришкенде, 5000ге жакын адам туруктуу жумуш менен камсыз болору күтүлүүдө. Азыркы мезгилдеги кризис жана жумушсуздуктун шартында, Ош облусунда мындай өндүрүштүн пайда болушу экономикалык төмөндөөнү жеңүүгө жана жөнгө салууга чоң өбөлгө болуп бермекчи.

Кайсыл бир мезгилде өлкөдө өндүрүш тармагы кызуу иштеп 500 ашык ири ишканалар жумуш менен камсыздалып турган. Завод ЭВМ Фрунзе заводу жана башка көптөгөн ишканалар болгон. Тилеке каршы 30 жылда көп тармактар чачырап ишин токтотту. Бүгүнкү күн 2020 жылдын 10 июну тарыхый дата. Ишкер Нурбек Осмонов унаа заводун ишке киргизди. Өндүрүш аянты 3 гектардан ашып, имарат 16 мин чарчы метрди түзөт. «Каганат инвест» групптун негиздоочусу Нурбек Осмонов өз аракети менен тармакты жандандырды. Ушундай пландар президент тарабынан аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында ишке ашууда. Ишканалардын ачылышы экономиканын жанданышына чоң түрткү болот. Жанырган Ош шаарында мындай демилгелер көп. Тармактарга жумуш орундары талап кылынып биздин ЖОЖ дордун кадрлары жумушка тартылат.
Искендер Мамбетов



