Бишкекте «Керемет банкты» чак түштө тоногондор кармалды (видео)
Бишкекте милиция «Керемет банкты» тоногондорду кармады. Бул тууралуу борбор шаардын ШИИБнинин пресс-кызматы билдирди.
Пресс-кызматтын маалыматы боюнча эки эркек кармалган — 1975-жылы туулган С.А. жана 1983-жылы туулган А.Н. Алар тергөө кызматына жеткирилип убактылуу кармалуучу жайга киргизилди.


Кылмышка шектелген С.А.минип жүргөн ак түстөгү «Тойота Лэнд Крузер-200» автомашинасы атайын токтотуучу жайга киргизиди.
Кармалгандардан алардын кылмышка катыштыгы бар экенин далидеген буюмдар табылган: Макаров пистолети жана ПМ тибиндеги травматикалык тапанча. Экөөнүн тең номерлери өчүрүлгөн жана ок-дарысы менен. Булардан сырткары тонолгон күнү пайдаланылган булгаары кара сумка, баш кийимдер, футболкалар жана кофталар табылган. Кармалгандардан мык суура турган аттиш, каамыт жана башка далил болчу буюмдар да табылган.
Эскерте кетсек 13-июнда эки эркек “Керемет банктын” филиалына кирип келишип, курал менен коркутушуп сейфтен 1 миллион 120 миң сомду алып чыгып кетишкен.
Булар өткөн жылдын сентябрында «Престиж» акча алмаштыруучу бюросуна да кол салышып 70 миң сомду алып чыгып кетишкен, деп айтышты ШИИБде.
ШИИБ кармалгандар башка да ушул сыяктуу кылмыштарга тиешелери болушу мүмкүн деп эсептешет. Маселен, былтыркы 7-ноябрдагы «Малайзия Мебелин»; ошол айдын этегиндеги «ЭкоИсламикБанк» филиалын; 2020-жылдын январь айында «Сенсон-Гранд» акча алмаштыруучу бюросун тоногондор да ушулар болушу ыктымал деген жоромол бар.
«Бүт фактылардын баары кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү каттоосуна түшүрүлүп, сотко чейинки териштирүү иштери башталды», — деп тыянакташты мекемеде.



