Коом

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев пневмониядан айыгып, абакка которулду

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев эки тараптуу пневмонияга чалдыгып ооруканага жаткырылган эле. Кечээ ал айыгып ооруканадан чыгарылды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

Маалыматка ылайык, саламаттыгы жакшырган мурдагы президентти ооруканадан кайра УКМКнын тергөө абагына алып кетишкен. Учурда анын абалы канааттандырарлык экени айтылат.

«Дарыгерлер консилиум өткөрүп, Атамбаевди тергөө абагына которуу чечимин кабыл алышты. Ал мурдагыдай эле медиктердин көзөмөлүндө болот», — деп билдирди УКМК.

Эске салсак, Атамбаев 30-июнда пневмония дартына кабылып, ооруканага жаткырылган.

Андан көп өтпөй социалдык тармактарга Атамбаевдин жакындары «коронавирус УКМКнын тергөө абагында иштеген кызматкерлерде бар экен» деген билдирүүлөр менен чыккан. Бирок буга Коопсуздук кызматы жооп берип, ал адвокаты Замир Жоошевден вирус жугузуп алышы мүмкүн деген божомолун айткан  айткан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button