Коом

Орусиянын аймагында жашап жаткан кыргыз жарандары кай жактан добуш бере алышат (ТИЗМЕ)

2020-жылдын 1-сентябрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилиги билдирүү таратып, Россия Федерациясынын аймагында убактылуу жүргөн же туруктуу жашаган жарандарга шайлоого байланыштуу маалымат таратты.

2020-ж. 4-октябрында РФнын аймагында боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоосуна байланыштуу Элчилик төмөнкүлөрдү билдирет.

2020-ж. 2 –сентябрында мокванын убактысы боюнча саат 15.00до (бишкектин убактысы боюнча саат 18.00до) чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктардын диаспоралык уюмдарынын өкүлдөрү менен КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн кезектеги онлайн жолугушуусу өтөт.

Жолугушуунун жүрүшүндө, чет өлкөлөрдө, анын ичинде Россияда жүргөн жарандар үчүн Кыргызстандын тышында шайлоону уюштуруу жараяны талкууланат.

Маалымдама: КР БШКнын чечими менен, Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамына ылайык, Россиянын аймагында 11 КРнын шайлоо тилкелери бекиттилген. Тактап айтканда:

1 жана 2. № 9001 жана № 9005 шайлоо тилкелери – КРнын Москва шаарындагы Элчилигинде;

3. № 9002 шайлоо тилкеси – КРнын РФдагы Элчилигинин Санкт-Петербург шаарындагы кеңсесинде;

4. № 9003 шайлоо тилкеси – КРнын РФдагы Элчилигинин Красноярск шаарындагы кеңсесинде;

5. № 9004 шайлоо тилкеси – КРнын РФдагы Элчилигинин Владивосток шаарындагы кеңсесинде;

6. № 9006 шайлоо тилкеси – КРнын РФдагы элчилигинин Якутск шаарындагы кеңсесинде;

7. № 9007 шайлоо тилкеси – КРнын РФдагы элчилигинин Иркутск шаарындагы кеңсесинде;

8. № 9009 шайлоо тилкеси – Екатеринбург шаарындагы КР Башкы консулдугунда;.

9. № 9010 шайлоо тилкеси – Новосибирск шаарындагы КР Башкы консулдугнда;

10. № 9013шайлоо тилкеси – КРнын РФдагы элчилигинин Южно-Сахалинск шаарындагы кеңсесинде;

11. № 9014 шайлоо тилкеси – КРнын РФдагы элчилигинин Сургут шаарындагы кеңсесинде.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button