Коом
Кеңешбек Дүйшөбаев Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды

Кеңешбек Дүйшөбаев Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, тийиштүү жарлыкка өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койгон.
Белгилей кетсек, Кеңешбек Дүйшөбаев мамлекеттик ишмер, генерал-майор. Ал 2010-жылы Апрель окуясынан кийин улуттук коопсуздук комитетин башкарган.
Буга чейин аталган кызматты Дамир Сагынбаев башкарып келген. 10-октябрда президент Сагынбаев менен орун басары Өмүрбек Суваналиевди кызматтан бошотуу боюнча жарлыкка кол койгон.



