Коом

500 миң сомго алдаган. Каракол шаарында алдамчылыкка шектелип эки аял кармалды

1-март күнү Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө бир катар тургундар арыз менен кайрылышкан. Алар өз арыздарында облус борборунда февраль айында “Charge fast” компаниясы ачылганын жана анын өкүлдөрү депозиттер боюнча үстөк пайызды жогорулатууну убада кылышканын билдиришкен.

Ошондой эле, арыз ээлери убадаларга ишенип, акчаларын бул компанияга салып, андан соң компания алардын акчаларын алдоо жолу менен ээлеп алганын кошумчалаган.  

Арыздар Каракол ШИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. Катталган арыздар боюнча материалдык чыгым 500 миңден ашык сомду түздү.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип,  «Charge fast» компаниясынын өкүлдөрү, Каракол шаарынын тургундары 47 жаштагы М.Н. жана 49 жаштагы М.Г. аттуу жарандар аныкталып, колго түшүрүлдү. Шектүүлөр сот тарабынан баш коргоо чарасы кабыл алынганча Каракол ШИИБдин убактылуу-кармоочу жайына киргизилди.

Каракол шаардык ички иштер бөлүмү аталган компаниянын кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен бардык жарандарга шаардык милициянын тергөө кызматына кайрылышын өтүнөт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button