Окуялар

Бишкекте дааратканадан ара төрөлгөн ымыркайдын сөөгү табылды

Бишкекте 16-апрелде болжол менен саат 10:40тар чамасында Чыгыш автобекетинин аймагындагы дааратканадан ара төрөлгөн ымыркайдын сөөгү табылган.

Свердлов райондук милициясынан билдиришкендей, жерине ыкчам-иликтөө тобу барып, ымыркай эркек бала экендигин жана бойдон түшүп калгандыгын аныкташкан.

Аталган факт Свердлов райондук милициясынын маалыматтык каттоо журналына катталды. Тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Учурда зарыл болгон бардык тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button