КоомМаданият

Азиз Мурадиллаев менен коштошуу зыйнаты өтүүдө

Бишкектеги Кыргыз Улуттук драма театрында актер Азиз Мурадиллаев менен коштошуу зыйнаты өтүүдө.

Коштошуу иш-чарасына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, актердун жакындары, санаалаштары жана сахналаштары катышууда.

Азиз Мурадиллаевдин сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актёр Азиз Мурадиллаев оорудан улам 17-декабрда көз жумган.

Мурадиллаев 1978-жылы Фрунзе шаарында туулган. Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайга тапшырган. Кийин 1997-жылы Москвадагы Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайга тапшырып, аны 2001-жылы аяктаган.

Ошол эле жылы Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына артист катары кызматка алынып, ошол күндөн ушул күнгө чейин үзгүлтүксүз бир жерде эмгектенип келген.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button