Коом
COVID-19: Кыргызстанда бир суткада 2 бейтап көз жумду

Акыркы сутканын ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинин кесепетинен 2 адам каза тапты. Алардын бири Бишкек шаарында, бири Ош облусунда дарыланып жаткан.
Республикалык ыкчам штабдын бүгүн, 9-декабрдагы маалыматы боюнча, Кыргызстанда жалпы 1303 бейтап коронавирус менен пневмониянын кесепетинен көз жумду.



