Коом

Ош шаарында 2 тоннадан ашык мыйзамсыз өндүрүлгөн спирт жана спирт ичимдиктери алынды

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу этил спиртин, алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агентигинин кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын натыйжасында Ош шаарынын аймагына “Г.” аттуу жаран шериктери менен Кыргыз Республикасынын аймагына, Тажикстан Республикасынан аткезчилик жолу менен алынып келинген спирт продукциясын жеке турак-үйдө сактоо менен бөтөлкөлөргө куюп жасалма спирт ичимдиктерин даярдап, Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында сатып жүрүшкөндүгү маалым болгон.

Аталган факт боюнча Ош ШИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 240-беренеси (спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Ош шааарынын Жапалак айыл аймагында жайгашкан бүтпөгөн жеке турак-үйдүн жер төлөөсүнөн 5 литрдик желим бөтөлкөлөргө куюлган 390 даана жалпы 1950 литр спирт алынды.

Мындан сырткары Кара-Суу районуна караштуу Манас айыл аймагындагы үйдүн унаа токтотуучу жайынан 123 кутуча, ар биринде 24 даана бөтөлкөсү бар, 0.2 өлчөмдөгү жалпы 2952 даана бөтөлкө (590.4 литр) спирт ичимдиктери алынды.

Аталган спирт жана спирт ичимдиктери Ош шаарынын тургунуна таандык экендиги такталды.

Учурда баардык жагдайды тактоо боюнча ыкчам иштер улантылууда, соттук экспертиза дайындалып тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button