Коом
Молдовановкадагы түнкү операция: эки кылмышкерди кармоонун жыйынтыгы кандай болду?

2022-жылдын 31-мартында 23:45 чамасында №1-түзөтү мекеменин ыкчам бөлүмүнүн кызматери жана Кыргыз Республикасынын ИИМнин кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш чараларынын негизинде сырт тараптын белгисиз затты мекеменин ичин көздөй ыргытууга шектелген эки жаран кармалды.
Алар 1995-жылы Тогуз-Торо районун Казарман айылында туулган Ч.у.Т. жана 1999-жылы Сокулук районунун Камышовка айылында туулган К.А.Н. аттуу жарандар.
Тинтүүгө алганда жанынан 4 даана скотч менен оролгон салмагы 2 кг. 170 граммды түзгөн өзгөчө атайын жыты бар күрөң түстөгө зат табылды.
Окуя боюнча тийиштүү органдарга билдирилип, ИИМдин Аламедин районундук ИИБне катталып, өткөрүлүп берилди.
Тергөө амалдары жүрүүдө.






