Окуялар

Лейлекте оор жүк ташуучу автоунаанын дөңгөлөгү жарылып, айдоочусу каза болду

2025-жылдын 8-январь күнү Раззаков-Ош автоунаа жолунун 330-чакырымында Жалал-Абад шаарынын 42 жаштагы тургуну С.Э. өзү башкарып бара жаткан “DAF” үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу унаасын токтотуп коюп, арткы сол жак дөңгөлөгүн текшергени алдына барган учурда дөңгөлөк кокусунан жарылып кетип, С.Э. оор абалда Лейлек жалпы дарыгерлер практикалык борборуна жетпестен жолдо каза болгон.

Бул факты Лейлек РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу тарабынан кароо жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button