Маданият
Үч чыгармачыл адамга Токтогул сыйлыгы берилди

Үч чыгармачыл адам адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыды. Бул боюнча жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Аны төмөнкүлөр алды:
Адабият жаатында жазуучу Ишен Айтмамбетов «Бет-Алман» тарыхый романы үчүн;
Музыкалык искусство жаатында композитор-обончу, Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаков «Боз жорго» музыкалык чыгармасы үчүн;.
Киноискусство, радио жана телекөрсөтүү жаатында Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын сценаристи жана кинорежиссеру Тилек Абдыкадыровго Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган 4 сериялуу тарыхый-даректүү киноэпопеясы үчүн берилген.



