Ислан Жусупбаев ЕЭКте жогорку кызматка дайындалды

Ислан Жусупбаев Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ЕЭКтин сайтына жарыяланды.
39 жаштагы Жусупбаев 2010-жылы Кыргыз-Россия Славян университетин «финансы жана кредит» адистиги боюнча аяктаган, 2014-жылы ошол эле университетте «эл аралык укук» багыты боюнча магистратураны бүтүргөн.
Кыргызстандагы мамлекеттик органдар тутумундагы эмгек жолун 2010-жылдары борбордук аткаруу бийлигинин экономикалык жана фискалдык бөлүмдөрүндө баштаган.
2017-2018-жылдары Экономика министрлигинин инвестициялык саясат жана эркин экономикалык зоналар бөлүмүн жетектеген.
2018-2020-жылдары президенттин аппаратында стратегиялык өнүгүү, экономика жана каржы багытында иштеп, экономикалык, инвестициялык жана жөнгө салуу саясаты боюнча негизги чечимдерди жана стратегиялык документтерди даярдоого катышкан.
2020-2023-жылдары Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын долбоорунун алкагында ишкердиктин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, бизнес-чөйрөнү жакшыртуу жана жөнгө салуу тоскоолдуктарын азайтуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу менен алектенген.
2025-жылдын июнь айынан тартып ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика министринин катчылыгында иштеп келген.



