Коом

ӨКМ өлкөдө аба ырайынын өзгөрүүсүнө байланыштуу сел жүрөрүн эскертет

ӨКМ бүгүндөн баштап 22-июнга чейин күндүн катуу ысып жана нөшөрлүү жаан-чачын күтүлүп жатканына байланыштуу өлкө аймагында сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти.

«Республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, быйыл жаан-чачын көп болуп, сел жүргөн, өзгөчө кырдаал жарыяланган учурлар көп катталууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button