Коом

Кыргызстанда калктын саны 6 миллион 637 миң кишини түздү

2021-жылдын башына карата Кыргызстандын туруктуу калкынын саны 6 миллион 637 миң адамды түздү. Мындай эсепти Улуттук статистика комитети 19-апрелде жарыялады.

Калктын үчтөн бири (34%) шаарларда, үчтөн экиси (66%) айыл жерлеринде жашашат.

Калктын 35% балдар жана өспүрүмдөр, 57% эмгекке жарактуу кишилер, 8% улгайгандар түзөт.

Өлкөдө 100дөн ашуун улуттун өкүлдөрү жашайт. Кыргыздар — 4 миллион 896 миң (калктын 73,8%), өзбектер — 985 миң (14,9%), орустар — 341 миң (5,2%).

Улуттук статистика комитети Кыргызстандын калкынын саны эл каттоодон кийин дагы да так болорун билдирди. Эл каттоо 2020-жылдын мартында башталмак, пандемиядан улам ишке ашпай калган

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button