Коом

Кыргызстанда коммерциялык банкка 21,6 млн сом айып салынды

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 5-декабрда коммерциялык банкка кылмыштуу ишмердүүлүктү каржылоого жана мыйзамсыз кирешелерди легалдаштырууга байланыштуу мыйзамдарды бузганы үчүн 21,6 миллион сом өлчөмүндө айып салды. Мындан тышкары, банк ички контролдук системаны уюштуруудагы талаптарды да аткарбай калган.

Мурунку маалыматтарга ылайык, өлкөдөгү дагы эки коммерциялык банк ушул эле тармактагы мыйзам бузуу үчүн административдик жоопкерчиликке тартылган, жалпы салынган штрафтардын суммасы 293 миң сомду түзгөн.

Финансылык чалгындоо кызматы белгилешинче, бул банктар ички контролдук системаны уюштуруудагы талаптарды бузган: программаларды туура колдонбоо, тобокелдикке багытталган ыкманы сактабастан иш алып баруу жана кардарларды ылайыктуу текшербөө.

Текшерүү учурунда ошондой эле көзөмөлгө алынган операциялар боюнча билдирүүлөрдү берүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү бузулганы, ошондой эле мыйзамдагы максаттуу финансылык санкцияларды колдонбоо фактылары аныкталган.

Тектеш кабарлар

Back to top button