Коом

Баткенде Ак-Суу дарыясынын жээги бекемделип, 23 га жер сел кооптуулугунан корголду

Баткенде Ак-Суу дарыясынын жээги бекемделип, 23 гектар жер сел кооптуулугунан корголду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Ак-Суу дарыясынын жээгин бекемдөө жана нугун түздөө жумуштары 120 метр узундукта аткарылды. Аталган участка Кадамжай районунун Көтөрмө айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашып, Гайрат айылындагы жер аянты жана турак үйлөр сел кооптуулугунан коргоого алынды.

Жыйынтыгында дарыянын жээги бекемделиши менен катар эле 63 турак үй, 23 гектар айыл чарба жер аянты, 2000 метр ички чарбалык жол жана 5300 метр ички чарбалык жер сел каптоо коркунучунан корголду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button