Маданият

Бишкекте “Мыкты Боз үй” сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Дүйнө элдеринин эпосторунун VI эл аралык фестивалынын алкагында “Мыкты Боз үй” сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин баса сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдына “Кыргыз көчү” этнографиялык айылы курулуп, “Мыкты боз үй” сынагы өттү. Жалпы катышуучулар Бишкек шаарынан жана аймактардан келген.

Баш байге – Ысык- Көл облусу, Айнура Матанова – 100 000 сом;

1-орун – Бишкек шаардык мэриясы – 70 000 сом;

2-орун – Чүй облусу, Жайыл району, Какеева Сонунбүбү жана Жалал Абад облусу, Тогуз- Тороо району, Сүйүнбүбү Чолпонкулова – 35 000 сомдон;

3-орун – Нарын облусу, Гүлкайыр Курманова жана Баткен облусу, Айсалкын Абытова – 30 000 сомдон;

Калыстар тобунун купулуна толгон Боз үй Баткен облусу, Кадамжай району- Хабибахан Шакирова жана Зувайда Нийматовалар 30 000 сом менен сыйланышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button