Маданият

Бишкек шаарында миңге жакын бала үчүн балаты майрамы өттү

Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониясында Бишкек шаарынын мэриясынын жаңы жылдык балаты майрамы өттү.

Шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ага майыптыгы бар жана шаардагы 11 адистештирилген мектепке чейинки мекемелердин жана үч көмөкчү мектептин тарбиялануучулары чакырылган.

Балаты майрамына миңге жакын бала катышты. Алар балдардын «Таберик» музыкалык театры тарабынан коюлган «Убакытка саякат» мызкалык спектаклине күбө болушту.

Филармонияга чогулган балдарды Жаңы 2022-жыл менен шаардын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева куттуктап, таттуу белектерди тапшырды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button