Коом
Коронавирус 398 адамдан аныкталып, дагы беш бейтап каза болду
Өткөн суткада 398 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Анын ичинде Бишкек шаары – 227, Ош шаары – 1, Чүй облусу – 115, Ош облусу – 2, Талас облусу – 4, Ысык-Көл облусу – 24, Жалал-Абад облусу – 12, Баткен облусу – 13.
Коронавирустан дагы 5 адам каза болду. Маалыматка ылайык, каза болгондор коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн эмес.
Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2 миң 872 кишини түздү.