ИИМ: Коомдук жайларда видеокамералар көбөйтүлүүдө

Санариптештирүү барган сайын адам жашоосунун ар кандай чөйрөсүнө кирип баратат. Анын көрүнүштөрүнүн бири жана заманбап жашоонун зарылчылыгынын айкын далили катары видеобайкоо тутумдарынын бардык жерде колдонулушу болуп саналат, анткени визуалдык көзөмөлдөө жана видеомаалыматтарды жазуу функциясын аткарган бул тутум коомдук коопсуздукту камсыздоо жагынан кырдаалды сапаттык жактан өзгөртө алат.

Видеобайкоо камералары көптөгөн көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет, окуяларды документтештирүүгө жана кырдаалды көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө видеобайкоо көчөлөрдө, турак жайларда жана башка эл көп чогулган жерлерде коопсуздуктун ажырагыс бөлүгүнө айланууда.

2021-жылдын октябрынан тартып Ички иштер министрлигинде Коомдук коопсуздук кызматынын ыкчам башкаруу борбору иштеп жатат, анын максаттары жана иш-аракеттери республиканын бардык аймагында коомдук коопсуздуктун абалына мониторинг жүргүзүүгө, коомдук жайларда мыйзамдуулуктун жана коомдук коопсуздуктун деңгээлин жогорулатууга кызматтардын координациясын жана өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүүгө, техникалык камсыздоону жакшыртууга, бирдиктүү координациялык платформаны түзүүгө багытталган.

ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын ыкчам башкаруу борбору бардык зарыл болгон техникалык каражаттар жана жабдуулар менен жабдылып республиканын аймагындагы калктуу конуштарда жана айрым аймактарда пайда болгон ыкчам кырдаалга мониторинг жүргүзүү жана ыкчам башкаруу, натыйжаларды ички иштер органдарынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жана кызматтарына жеткирүүгө багытталган.

Коомдук коопсуздуктун мониторинг тутуму заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу аркылуу коомдук коопсуздуктун деңгээлин жогорулатуу, катталган укук бузууларга жана окуяларга байкоо жүргүзүү менен ички иштер органдарына өз убагында маалымдоо, кызматтардын жана бөлүмдөрдүн ишин координациялоо максатында түзүлгөн.

Учурда ИИМдин Коопсуздук коопсуздук кызматынын ыкчам башкаруу борборунун өздүк курамы криминалдык кырдаалдын абалын көзөмөлдөө боюнча иш алып барууда. Өлкөнүн аймагында коомдук коопсуздуктун абалына мониторинг жүргүзүү жана укук тартибин камсыздоо, кылмыштуулук менен укук бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу, катталган окуялар жөнүндө ыкчам маалымат берүү максатында республика боюнча 136 видеобайкоо камералары орнотулган. Анын ичинде Бишкек шаарында -70, Чүй облусунда -10, Ош шаарында -2 , Ош облусунда – 10, Баткен облусунда – 25, Жалал-Абад облусунда -1, Ысык-Көл облусунда – 2, Нарын облусунда – 1, Талас облусунда – 15.

Бул мезгил аралыгында республиканын аймагында видеобайкоо камераларынын жардамы менен ыкчам кырдаалга мониторинг жүргүзүүдө 1995  ашык кылмыштар жана укук бузуулар аныкталган, анын ичинде укук бузуулардын жана кылмыштардын бетин ачуу максатында 1015  ашык фото жана видеотасмалар тиешелүү кызматтарга өткөрүлүп берилген.

Коомдук коопсуздукту көзөмөлдөө аймагын кеңейтүү максатында быйылкы жылы тийиштүү программалык камсыздоону орнотуу жана өлкөнүн аймактарын кеңири камтыган тышкы видеобайкоо камераларын көбөйтүү мерчемделүүдө,- деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы.